Бажы төлөмдөрүнүн канчасы Кыргызстанга калат ? Инфографика

Ушул жылдын 31-декабрында автоунааларга жеңилдетилген бажы алымдарынын убактысы токтоп, автоунааларга болгон алымдар 11 эсеге көтөрүлөт. Евразия экономикалык биримдигинин жаңы тарифтери Кыргызстанга кандай таасирин берет ? Инфографика менен таанышыңыз. 

Евразия экономикалык биримдигине кирген Кыргызстан үчүн өткөөл мезгил бүтүп баратат. Ушул жылдын августунан тарта бир топ жеңилдиктер токтоп, Кыргызстан биримдиктин жалпы эрежелерине ылайык иштей башайт.

2020-жылдын 1-январынан тарта автоунааларга бажы алымдары көтөрүлүшү бир нече суроо жаратат . Ошол акчалар кайда түшөт? Кыргызстанга мындан пайда келеби ? Бул суроолорго экономика министрлиги мындай жооп берди: » Бажы алымдарынан алынган акча ЕАЭБдин бюджетине түшөт. Ал бүтүндөй бюджетте Кыргыз Республикасынын  үлүшү 1,09 %ды түзөт .»

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн бүтүндөй бюджеттен үлүштөрү кандай?

Бул нормативдер 2019 жылга чейин иштеп келген. ЕАЭБдин акыркы чогулушунда ушул эле тарифтердин иштөө мөөнөтүн узартуу сунушун Белоруссиянын лидери колдогон жок. Анын айтымында нормативдердин иштөө мөөнөтүн узартуу анын өлкөсүнө эч кандай пайда алып келбейт . Бул мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн чектегендигин айтып , калыс чечим чыгаруу үчүн бүт күчтү жумшоону суранды.

ЕАЭБдин тарифтерине бир мисал келтирели:

Toyota Camry автоунаасы 1250 доллар болсо, кийинки жылдын 1-январынан тарта 13750 доллар болот, мындайча айтканда 11 эсеге көтөрүлөт. 13750 доллардын канчасы биздин өлкөнүн бюджетине түшөт?

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*