Майлы-Суу шаарындагы аскер бөлүктө жоокер асынып алды

Майлы-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө жоокер асынып алды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Алдын ала маалыматка ылайык, жоокердин сөөгүн бүгүн саат 8дер чамасында табышкан.

«Жоокер жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты делип милдет өтөөгө чакырылган. Ага 10 күнгө эмгек эргүүсү берилген, үйүнөн 26-ноябрда келген. Бүгүн эртең менен анын сөөгү табылды», — деп билдиришкен.

Башкы штабдан аталган маалыматты тастыкташты. Окуяны Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасы иликтеп жатат.

Эске салсак, буга чейин 4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. 10-ноябрда Чүйдүн  Кой-Таш айылындагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицер асынып алган. Андан соң  17-ноябрда Ошто аскер кызматкери асынып каза болгон.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*