Оштогу айрым үйлөргө жылуулук толук жетпей жатат. Видео

Оштогу айрым үйлөргө жылуулук толук жетпей жатат. Бул тууралуу жашоочулар нааразычылыктарын билдиришүүдө. Ош шаарынын тургундарынын онлайн кайрылуу картасында да жылуулук боюнча бир топ нааразычылыктар топтолгон.

 

“Жылуулук камсыздоо” ишканасы болсо өзүнүн карамагындагы абоненттерди жылуулук менен толук камсыздап бүткөнүн билдирет. Бирок кээ бир көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүндөгү жылуулук өткөргүч түтүктөр көп жылдан бери ондолгон эмес. Ошондуктан ушундай көйгөйлөр жаралууда деп түшүндүрүшөт.

Ош шаарын “Жылуулук камсыздоо” ишканасы жана “Жылуулук электр борбору” ишканалары жылуулук менен камсыздайт. Калаада социалдык мекемелерге жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук 5-ноябрдан тарта толугу менен берилип баштаган.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/436080490643485/

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*