Оштогу мыйзамсыз башталган 13 кабаттуу үйдүн курулушу экинчи жолу да бузулбай калды. Видео

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу үйдүн курулушу бузулбай калды. Бул шаардык бийлик менен тиешелүү органдардын экинчи жолку аракети болчу

Курулуштун бузулбай калганына Жогорку соттун токтому себеп болду. Бул тууралуу мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматов  билдирди.

«Бүгүн биз бузуу үчүн келсек, компания сот тарабынан уруксатыбыз бар деп келишти. Биз пландап келсек жогорку соттон токтотуп жатат. Бул иш Жогорку сотто 14-январдан баштап кайра каралат», — деди Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана шаар муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов.

Ал эми  «Евростиль» курулуш компаниясынын юристи Сагынбек Чымынов, курулушка тиешелүү бардык документтер бар экенин билдирет. Анын айтымында соттук териштирүү иштери аягына чыкканга чейин бузуу иштери убактылуу токтотулган.

«Жогорку сотко кайрылуу жасаганбыз ал жактан териштирүү болуп, 2020-жылдын 14-январында “кайрадан каралат” деп чечим чыгарды. Бул жерге чет өлкөлүк “Сименс” деген атайын текшерүүчү каражаттын негизинде текшерилиши керек. Аны текшерткенбиз болот дешкен. Мамлекеттик институт келип макулдугун берген. Бул жерди генералдык планга киргизүү боюнча уруксат алганбыз, бизде каттары да бар», — деди курулуш компания юристи Сагынбек Чымынов.

Ош шаардык экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Ырысбек Юсупов, аталган көп кабаттуу үй жараксыз экенин билдирүүдө.

«Экологиялык техникалык инспекциясынын юристи көзөмөл кылып, соттук териштирүү учурунда эскертүү берилген. Бирок компания соттук териштирүү убагынан пайдаланып курулушту улантып жатты. Эл аралык сотко, облустук сотко берилип эки жерде тең өзү бузсун деген чечим чыккан. Компания өзү билемдик менен өздөрүнүн долбоорунун эле негизинде курулуш баштаган. Шаардын архитекурасына дал келбейт. Эгер бул үй курулса жараксыз болот», — дейт Ош шаардык Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Ырысбек Юсупов.

Учурда көп кабаттуу үйдүн дубалы 7 кабатка чейин көтөрүлгөн. Ош шаардык мэриясы курулуш иштери 4-кабатка жеткенде ушул жылдын 4-июнунда бузууга аракет кылган. Бирок ага карабастан, соттук териштирүү иштери жүрүп жаткан учурда курулуш иштери жүргүзүлө берген.

«Иштин жүрүшүндө 2019-жылы 11 — ноябрында Евростилге сунуш бергенбиз. Соттун чечимин өз ыктыяры менен аткаруу боюнча. Бирок соттун чечими өз ыктыяры менен аткарылбагандыктан имарат бузулсун деп чечим келген, бирок андан кийин чечим бузулуп кеткен, ошондуктан курулуш улана берген», —деди сот аткаруучу  Замирбек Эрназаров.

Буга чейин курулуштун мыйзамсыз экенин аныктап, курулуш ээлери тарабынан кайра калыбына келтирүү боюнча чечим кабыл алынган. Алар буга чейинки аракетте өзүбүз бузабыз деп бирок жыйынтык болгон эмес. 

Ош мэриясынын маалыматы боюнча учурда калаада мындай мыйзамсыз курулуштардын саны отузга жетет. Алардын баарына мыйзамдын негизинде чара көрүлөрү айтылууда. Буга чейин экотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгы шаар аймагында тийиштүү уруксат кагаздары жок иш жүргүзүп жаткан көп кабаттуу 10 үйдүн иши сотко өткөрүлгөнүн кабарлаган.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/440097413373328/

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*