Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 27-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү Кыргызстан менен Казакстандын өлкө башчылары телефон менен сүйлөшүп, визитти талкуулашкан.

Токаев 28-ноябрда Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынына да катышат.

Ага уюмга мүчө мамлекеттердин — Беларустун, Орусиянын, Тажикстандын мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри келет.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*