Баткенде жергиликтүү бийлик Тажикстанга сатылып кеткен үйлөрдү кайтарат

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткен районунун Таш-Тумшук айылында 38 гана түтүн калды. Калган тургундар үй-жайын тажик жарандарына сатып, борборго көчүп келе беришкен. Союз кезинде бул айылда 100дөн ашуун үй-бүлө бар эле. Жергиликтүү бийлик коңшу өлкөгө сатылып кеткен үйлөрдү кайтарууга аракет кылууда. 

38 кожолуктагы жалпы кыргыздардын саны азыркы күндө 105ти түзөт. Тургундар жерин эмне үчүн кыргыздарга эмес тажик жарандарына сатып кетишет? Бул суроого жооп берүү үчүн айыл аксакалы Сапарбай Эргешов кошунасы менен болгон окуяны эскерди. Ал Таш-Тумшукта туулуп өскөн жана 80 жылдан бери жашап келүүдө.

“Чек араны сактоо жана бекемдөө үчүн тургундардын жашап турганы абдан маанилүү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-жайын башка өлкөнүн жарандарына сатпагыла деп көп жолу айтышкан. Бирок баары бир турмуш шарттары аларды үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз кылат.»

Таш-Тумшук Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн карамагындагы кыштак. Бул айыл менен Тажикстандын Капчыгай айылы бири-бири менен аралаш жашайт. Эки айыл “шахматтык түрдө” жайгашкан. Айыл башчысы Абдимурат Айдаров бул жерде чек ара чечиле элек экенин айтты. Ошондуктан, кыргыз айылынын ортосунан өткөн жолдон тажикстандыктар дагы пайдаланышат.

Баткен районундагы чек аралаш айылдарда үй жайын таштап кеткендердин себеби түздөн-түз экономикалык көйгөйгө байланыштуу. Маселен Таш-Тумшук айылындагы ар бир кожолукка 10-15 сотыхтан гана жер үлуштөрү берилген. Мал багууга жайыт дагы жокко эсе.

Расмий маалымат боюнча Баткен облусунун аймагында тажикстандык тургундарга сатылган турак-жайлардын саны 80ден ашат. Баткен районунда 33 турак-үй, Лейлек районунда 50дөй үй тажикстандыктарга сатылган.

2010-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен Баткен облусундагы Таш-Тумшук айылынан тажикстандык жарандарга сатылган үйлөрдү жана жер тилкелерин кайрадан сатып алуу үчүн 10 млн сом бөлүнгөн. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчулүгүн билдиргендей, Таш-Тумшук айылында онго жакын объект, турак-үй, жер сатылып алынган.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*