Электр энергиясына карызыңды төлөп, туумунан бошо

“Ош электр” ачык акционердик коому 2 айлык акция жарыялады. Абоненттер ушул убакыт аралыгында негизги карызды төлөсө, туумунан толук бошотулат.
Ош облусунда электр энергиясынан элдин карызы 35 миллион 600 миң сомго жакын болсо, ал эми мамлекеттик мекемелер 12 миллион 211 миң сомдун тегерегинде карыз.

«Ири ишкана жана капчыктуу чиновниктердин карызы төлөнүп, эми кезек катардагы абоненттерге келди. Төлөмдөрдү алып салуу акциясы 25-ноябрда башталып, ири карызы барлар келе баштады. Акция 2020-жылдын 25-январына чейин уланат»- деди “ОшЭлектр” ААКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурилич Токонбаев.

Электр  карызынан эсептелген туумдарды кыскартуу демилгеси кыргыз электр тармактарынын уюшулганынын 85 жылдыгына карата өтүп жатат. Ар жылы карызы көп абоненттерге мындай мүмкүнчүлүк 1 ай гана болуп келген.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*