Кузнецова: жөлөк пулдун өлчөмү жетишсиз

Кыргызстанда балдарга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү аз. Белгиленген сумма балдардын керектөөсүнө толук жетпейт. Бул тууралуу маселе Ош шаарында балдардын укуктары жөнүндө эл аралык конвенциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата тегерек столдо айтылды. 

Иш-чарага жашы жетпегендер менен иштеген органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, социалдык өнүгүү жана билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери катышып, балдардын укуктарын камсыз кылуу жана оор кырдаалга кабылган балдардын көйгөлөрүн чечүү жолдорун талкуулашты.

           

«Smile KG» коомдук фондунун директору Лариса Кузнецованын айтымында, өлкөдө 30 миңден ашуун майып балдар катталган. Бирок алар үчүн түзүлгөн шарттар жетишсиз.

«Балдар чонойуп жатышат, аларга жардам керек. Жаш балдар психологдору, психиаторлор жетишпейт. Кыргызстанда болгону 8 балдар психиатору бар. Мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 6 миң ассистент берилген. Бул өтө аз, балдарга берилген жөлөк пул дагы аз, болгону 4 мин сом. Бул акча эч нерсеге жетпейт, анан ушул акчанын баары толугу менен балага иштетилеби же жокпу бул да чон көйгөй» — дейт Кузнецова.

Иш- чара Акыйкатчы аппараты жана  ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте уюштурулган.

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*