Өзгөндө 2 тонна күрүч күйүп кетти

Өзгөн шаарынын №1-Малабеков көчөсүндөгү короодо 2 тонна күрүч шалысы күйгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 27-ноябрь күнү саат 15:39да болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Мындан сырткары, 27-ноябрда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 26-көчөсүндөгү үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен үйдүн 24 чарчы метр ички жасалгасы, 1 муздаткыч, 1 диван жана үй буюмдары күйүп кетти.

 

 

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*