Алайдын Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн үй курулат

Алай районунун Талды-Суу айылында памирлик кызгыздар үчүн 7 үй курулат. Бул тууралуу  Т-медиага Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов билдирди.

Айыл өкмөт башчынын айтымында, Нарынга жайгаштырылган памирлик кыргыздарга үй салуу үчүн 1 гектар 20 сотых жер бөлүндү. Ал эми 7 үйдү курууга мамлекеттен 10 млн сом каражат каралган. Үйлөрдүн долбоору даяр болуп, учурда курулуш компанияларга тендер жарыяланган. Ар бир үй 4 бөлмөдөн болот. Үйлөргө буга чейин Нарынга алынып келинген памирлик үй-бүлөлөр жайгаштырылат.

Курулуш 2020-жылдын апрель айынан башталат.  Талды-Суу айыл өкмөтү тоолуу болгондуктан, кыш узакка созулат. Мындан улам Памир кыргыздарынын жашоосуна ылайыктуу деп тандалып алынган.

Эске салсак буга чейин Кыргызстан 2017-жылдын күзүндө 33 памирлик кыргыздарды көчүрүп келген. Алар Нарын облусуна жайгаштырылган болчу.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*