Алмазбек Атамбаев сотко келди

Бишкектин Биринчи май райондук сотуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинди. Анын адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, азырынча соттук процесс баштала элек.

Атамбаевди колдоп сотко анын тарапташтары Кундуз Жолдубаева менен Асель Кодуранова да кошо келген.

Ал эми “Апрель” каналынын түз эфиринде өзүн тааныштырыгысы келбеген ЖАМКнын өкүлү Алмазбек Атамбаев өз каалоосу менен келгенин ырастаган.

Белгилей кетсек, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйынга катышуудан эки жолу баш тарткан.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*