Депутат Алмамбет Шыкмаматов өкмөттү жарга такады. Видео

Кечээ 28-ноябрь күнкү ЖКда өткөн жыйында Ата-Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов өкмөт башчыга кайрылып, учурда өлкөдөгү абалды толук чечмелеп бергенге аракет кылды.

Депутаттын айтымында бүгүнкү күнү Кыргызстанга кирген ар бир 4 литр бензин контрабанда, ар бир 5 пачка тамеки контрабанда, ал эми инвестиция тартуу маселеси өтө оор экенин, өкмөт мактанып келген 25 миллиард сом инвестиция бул -чындыгында инвестиция эмес, 70 пайызы карыз болсо 30 пайызы эл аралык уюмдардан келген грант.

Мындан сырткары, көмүскө экономиканын деңгээли 37 пайызды түзүп, эң кызыгы бюджетти толуктоо үчүн кыргыз өкмөтү коммерциялык банктардан 14 пайыз үстөк менен насыя алып жатканын айтып, быйыл 2019-жылы 12 миллиард сом төлөй тургандыктарын белгилеп, токтотууну талап кылды.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*