Конор Макгрегор спортко кайтат

Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор спортко кайтат. Бул тууралуу UFC уюмунун башчысы Дана Уайт жар салганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Макгрегор UFC уюмундагы беттешин 2020-жылдын 18-январында өткөрмөкчү. Мында ал Дональд Серроне менен Лас-Вегас шаарында беттешет.

Макгрегор ушул жылдын 26-мартында спорттон кетерин жар салган. Мушкер 2016-жылдын апрель айында да америкалык Нейт Диаска утулуп калгандан кийин карьерасын жыйынтыктап жатканын айткан. Бирок ошол эле жылы реванш үчүн таймашка кайтып келген. 30 жаштагы Макгрегор баш-аягы 21 жеңишке жетишип, төрт жолу утулган.

Анын бул жолку каршылашы Дональд Серроненин айтуусу боюнча буга чейин ирландиялык спортчуну бир нече ирээт беттешке чакырган. Бирок Конор анын чакыруусун четке каккан.

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*