
Алимент төлөбөй жүргөн жарандарга жоопкерчилик күчөйт. Бул боюнча Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору иштелип жатат. Ал ишке ашса, алимент төлөөчү чет өлкөгө дарылануу үчүн гана соттун уруксаты менен гана чыгууга укуктуу болот.
Сот аткаруучулардын айтымдарында учурда алимент төлөбөй жүргөндөрдүн басымдуусу чет өлкөдө болушу мүмкүн. Учурда алардын тизмесинде 41 миңге жакын карызкорлор бар, анын 800дөн ашууну издөөдө жүрөт. Алимент төлөөдөн качып жүргөн айрым адамдардын карызы 400-500 миң сомго чейин өсүп кетүүдө. Буга жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекстерде алимент төлөбөгөн адамдардын кылмыш жоопкерчилиги каралбай калганы да себеп болуп жатат.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорго алимент төлөбөй жүргөн жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча да жобо киргизүү демилгеленди. Укук коргоочулар балдарды социалдык жактан толук камсыздоо үчүн алимент төлөбөй жүргөндөргө жоопкерчиликти күчөтүү керек деп эсептейт.
Үй-бүлө кодексине түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоордо алимент төлөмдөрдүн баланын жашоо минимумуна жараша көтөрүү маселеси камтылган. Эгер ал мыйзам долбоор колдоо тапса алименттин эң төмөн суммасы 1800 сом болот.
https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/1315649638606463/
Оставьте первый комментарий