Лондондогу трагедия. Террористтин өздүгү аныкталды

Полиция 30-октябрь күнү Лондондогу террактта 2 киши өлтүргөн адам 28 жаштагы Усман Хан экенин аныктады. Кылмышкер  буга чейин терроризмге тийешеси болгон жана 2012-жылдан 2018- жылга чейин абакта отуруп, мөөнөтүнөн мурун бошотулган.

Террорист Лондон көпүрөсүндө 2 адамды бычак менен өлтүргөндөн кийин , спецназ аны атып өлтүргөн.  Ошондой эле  Хан өзү менен жасалма жардыргыч алып жүргөнүн полиция маалымдаганы тууралуу CNN басылмасы жазды.

 

 

Лондон көпүрөсү XII кыдымда курулуп,  эл көп жүргөн жерлердин катарына кирет.

 

Терракттан кийин шаардык полициянын комиссары Крессида Дик жарандарды полиция менен кызматташууга үндөдү:  » Терроризм менен күрөшүүгө баарыбыз аракеттенишибиз керек.  Эгерде сиз терроризмдин белгилерин байкасаңыз, бизге кайрылыңыз. Террордун маңызы жок идеологиясы, жек көрүдөн башка эч нерсе сунуштабай жатат, ошондуктан бүгүн мен баарынарды аны четке кагууга чакырам . Биздин шаар эн улуу шаар, себеби биз бир бирибиздин айырмачылыгыбызды таануу менен аны туура кабыл алабыз. Бул абалдан биз кайратуу бойдон чыгышыбыз керек «.

 

 

 

 

 

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*