Жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү аныкталды. Видео

Жаңы мыйзамга ылайык 2020-жылдагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо күнү да белгиленди. Ага ылайык, шайлоо кийинки жылдын апрель жана октябрь айларынын экинчи жекшемби күндөрүнө коюлду. Бул тууралуу ЖК депутаттары менен БШКнын өкүлдөрү жергиликтүү бийликтегилерге курган жыйын учурунда тушүндүрүштү.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жаңы шайлоо мыйзамы менен өтөт. Ал мыйзамга ылайык, айылдык кеңештин депутаты орто билими менен шайлоого катыша алса, курамында сөзсүз түрдө 30% аялдардын квотасы болушу керек.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө өзгөртүлгөн  мыйзам ушул жылдын август айында күчүнө кирген. Ал мыйзамда жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун бардык тараптан өркүндөтүүгө багытталган. Анда талапкерлерден сөзсуз жогорку билим талап кылынбайт. Бюджетти бөлүштүрүүдө жөнөкөйлөштүрүү жана аялдар 30% курамдын ичинде болушу керек.

Мыйзамда жаза нормалар дагы бар, эгерде айыл өкмөтү чечимдерди жана буйруктарды аткарбаса район акими кызматтан алганга укуктуу. Ошондой эле айылдык кеңештин депутаты 4 жолу себепсиз сессияга катышпаса, БШК мандатын алып кое алат. Андан сырткары шайлоо мыйзамында чет өлкөдөгү шайлоочулар үчүн добуш берүү участкаларын көбөйтүү, мүмкүнчулүгү чектелүү жарандарга толук кандуу шарт тузүү да каралган.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/444603086438411/

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*