Мира Жангарачева ээлеген кызматынан бошотулду

Г. Айтиев атындагы музейдин директору Мира Жангарачева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов нааразычылык акциянын катышуучулары менен жолугуп жатканда билдирди.

Маалыматка ылайык, Мира Жангарачева кызматтан кетүү тууралуу арызды өзү жазды.

«Бүгүн экспозицияларды карап чыгабыз. Чагымчыл экспонаттардын баарын алып салабыз. Айрымдарын алып салдык», — деди министр.

Белгилей кетсек, өткөн жумада музейде «Феминалле» көргөзмөсү 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын алкагында өтүүдө.

Көргөзмөдө үй-бүлөлүк зомбулук, миграция, сойкулук жана башка темалар чагылдырылган.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*