Лионель Месси алтынчы жолу алтын топту багындырды

2-декабрда  Париждин Шатл театрында France footbal уюштурган 64 — “Алтын топ” сыйлыгын берүү аземи өттү.  Быйылкы жылдын эң мыкты футболчусу наамына добуш берүүнүн жыйынтыгында “Барселона” жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси аталды.

Ушул жылы форвард Барселонадан өзүнүн карьерасындагы онунчу ирет чемпиондук титулун алды. 6 ирет Испания чемпионатынын мыкты бомбардири (37 гол) жана Чемпиондор лигасы (12 гол) аталды.

32 жаштагы Месси үчүн анын карьерасындагы бул сыйлык 6-жолку  алтын топ болот. Буга чейин Месси 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары алтын топтун ээси болгон. бул абройлу сыйлыкты алуу боюнча Месси португалиялык Криштиану Роналдудан озуп чыкты. Анын коллекциясында 5 “Алтын топ” сыйлыгы бар.

2019- жылдагы 10 эң мыкты ойногон футболчулардын тизмеси:

  1. Лионель Месси (Барселона)
  2. Вирджиль ван Дейк (Ливерпуль)
  3. Криштиану Роналду (Ювентус)
  4.  Садио Мане («Ливерпуль»)
  5. Мохамед Салах («Ливерпуль»)
  6.  Килиан Мбаппе («ПСЖ»)
  7.  Алиссон Беккер («Ливерпуль»)
  8. Роберт Левандовский («Бавария»
  9. Бернарду Силва («Манчестер Сити»)
  10. Рияд Марез («Манчестер Сити)

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо