Рита Карасартова мамлекеттик кызматка барды

Укук коргоочу Рита Карасартова Билим берүү жана илим министрлигине кызматка барды. Ал мындан ары аталган министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигин жетектейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулган.

Рита Карасартова 1975-жылы, 25- декабрда Ыссык-Көл облусунда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу: 

  • 1996–2011 — жылдары Жусуп Баласагын  атындагы кыргыз улуттук университетинде окутуучулуктан баштап кафедра доцентине чейин жеткен.
  • 2004–2005 — жылдары аймактарды өнүктүрүү жана жергиликтүү башкаруу иштери боюнча министрдин кеңешчиси;
  • 2006–2007 —жылдары»АРИС» уюмунда эксперт;
  • 2008–2011 — жылдары «Ачык бюджет» финансылык альянсында эксперт;
  • 2010 —  жылдары Мамлекеттик Салык кызматында коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү;
  • 2011 —2019-жылдары  «Коомдук анализ институтунун» директору;
Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*