Ошто таза сууга 11 миллион доллар бөлүнгөн. Бирок эмнеге максатына жеткен эмес?

2014-жылы Ош шаарындагы таза суу көйгөйүн чечүүгө Азия өнүктүрүү банкынан 80 млн доллардан ашык каражат каралган. Бирок ал каражаттын 11 миллиону гана Ошко бөлүнүп, таза сууга жумшалган. 

Жалпы долбоорго 11 млн доллар жумшалса, анын 1 млн 700 миң доллары жер астынан суу алууга коротулган. Геологиялык изилдөөгө ылайык бул жерден секундасына 800дөн 1000 литрге чукул суу чыгаары белгиленген. Бирок долбоор максатына жетпей, 200 литр суу  чыгарылган.

Долбоор чийгендерден тарта курулушту бүтүргөн компаниялар да чоң көлөмдөгү жумуштун өз максатына жетпей калышы геологиялык изилдөөнүн чийки болгондугу менен байланыштырышат.

«Алар ЮГ-Строй-Сервис деген Оштогу компанияга берип, курулуш иштери башталган. Анан беш тараптуу көзөмөл кеткен. Башында жакшы долбоор менен кете берген. Аягына келгенде гана долбоордо көрсөтүлгөн суу чыкпай калган», — деди Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын мурдагы өкүлү Алтынбек Токошев.

Учурда бул долбоорду Ош шаардык суу чарба ишканасы документалдуу кабыл ала элек. Бирок пайдаланып жатат.

Эрежеге ылайык, жер астынан пайдаланылган сууга лицензия алынышы керек эле. Бирок жумуш толук бүтпөй көмүскөдө пайдалануу канчалык туура? Буга экологиялык техникалык инспекциясы баа бериши керек эле.

Долбоорго сарпталган каражаттын көпчүлүк бөлүгү 32 жылга  1.5 пайыздык негизде насыяга алынган.

Биз бар гана «Азия өнүктүрүү банкынан бөлүнгөн 11 миллион долларды гана изилдедик. Аны бул шилтемеден көрсөңүздөр болот. Мындан сырткары 8 млн 540 миң доллар ЕБРРден, 1 миң доллар каражатты экс-президент Алмазбек Атамбаев бөлүп берген. Ага карабастан азырга чейин Ош шаарында таза суу көйгөйү чечилбей келет.

Ошол эле учурда шаардагы таза суу көйгөйүн чечүүгө дагы бир ири долбоор иштелип жатат. Ал үчүн дагы Азия өнүктүрүү банкынан 3 млн долларлык гранд каралууда. Экинчи ирет бөлүнүп жаткан бекер акчаны кыргыз чиновниктери кандай пайдаланат күтө туралы.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*