
Баткен шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 14 764 килограмм лимон кармалды.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиргендей, табылган жүк “Вольво FH 24T ” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмитц CARGBUL” үлгүсүндөгү чиркегичинде болгон. Анын жалпы баасы 1 107 263 сомду түзөт.
Айдоочуну токтоткон учурда товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.
Оставьте первый комментарий