![Замана_ зер жана зергерчилик.mp4_snapshot_02.53_[2019.12.10_12.42.22]](https://t-media.kg/wp-content/uploads/2019/12/Zamana_-zer-zhana-zergerchilik.mp4_snapshot_02.53_2019.12.10_12.42.22-e1575971093228.jpg)
Мурун Кыргызстанда зергерчилик менен алектенген 50дөй ишкана болсо, азыр 10го жакын гана ишкана калды. Бул ишканаларда башында 300гө жакын адам эмгектенсе, азыр 4, 5 гана адамды түзөт. Башкача айтканда зергерчилик өнөрү жок болуп бара жатат.
Өлкөдө чоң көлөмдөгү алтын, күмүш өндүрүлгөнү менен ички базарга 1 грамм дагы сырьё калбайт. Ошондуктан ишкерлер зергер буюм өндүрүү үчүн чет мамлекеттен чийки затты жогорку баада же аткезчилик жол менен алып келүүгө дуушар болууда.
Жогорку Кеңештин алдындагы ишкерликти өнүктүрүү катчылыгынын башчысы Бакыт Дегембаевдин пикиринде, зергерчилик өнөрүнүн жок болуусуна салыктын жогору болгону да таасир этүүдө. Ошондуктан адистер да калбай калган. Унутта калып бара жаткан зергерчиликти колдоо үчүн мыйзам долбоору даярдалып жатат.
«-Азыр абал өтө эле кыйын. Зергерчилик тармагын жоготуу коркунучу бар. Ошону такыр эле жок кылбастан өнүктүрүп сактап калышыбыз керек. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, ишкерлердин колуна өзүбүздөн чыккан алтын, күмүш арзан баада берилсе, чет жактан келген импортко туруштук бере алат деген ойдомун. Экинчи өзүбүздүн рынокту толтургандан кийин экспортко чыгабыз«,-деди Бакыт Дегембаев.
Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, өлкөдө үч миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле өлкөдөгү зергерлер үчүн бир жылда бир тонна чийки алтын керектелет. Бул тармак өнүккөн сайын бул сан дагы өзгөрүшү мүмкүн.
Азыр Кыргызстанда 90 пайыз зергер буюмдар Түркия, Кытай, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн келет. Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда жылына 17 тонна чийки алтын өндүрүлүп, чет жака экспорттолот.
Оставьте первый комментарий