Ошто көрүстөндүн ордуна көп кабаттуу үй куруу пландалууда. Видео

Ош шаардык мэриясы Аскар Шакиров көчөсүндөгү көрүстөндү сүрдүрүп, ордуна көп кабаттуу ипотекалык үй курууну пландап жатат. Бирок буга жергиликтүү тургундар каршы чыгышууда.

Курулуш курула турган жер «тажик көрүстөнү» деп аталат. Маалыматтарга караганда, ал жер 50 жылдан бери иштетилбей келет.

 «Курманжан Датка» аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Жылдызбек Сактанов «Т-Медиага» билдиргендей, мүрзө көп жылдан бери иштетилбей бош тургандыктан шаар бийлиги көрүстөн жайгашкан жерге ипотекалык үй курууну көздөөдө.

 «Мечиттен уруксат алып, кат алганбыз. Бул жердин бузулуп жатканынын себеби мүрзөгө элүү жыл мурун адам коюлган. Мусулманчылыкта деле мыйзамда деле 20 жылдан кийин салса болот. Бул жерге жеке менчик эмес, шаардык мэриянын ипотекалык үйү салынат. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Санитардык жактан атайын адистер келип, өздөрү сөөктөдү казып алат. Эгерде тургундар ата-бабаларыбыздын сөөктөрү бар эле деп алып кете турган болсо, мэрия жардам берип каржылыгын көтөрөт», -деди Жылдызбек Сактанов.

Жашоочулардын бири Гүлзат Матазимованын айтымында, үйлөр менен көрүстөндүн аралыгы  50 метрге да жетпейт. Мындан улам сөөк казуу иштери жүрсө, тургундардын ден соолугуна да зыян келиши мүмкүн.

«Үй салганы мүмкүн эмес. Канча сөөк бар бул жерде. Аларды аңтарып казуу иштери болсо, вирустар болушу да мүмкүн. Канчалаган адам жашайбыз бул жерде. Зыян тиет. Уруксат бербейбиз. Каршыбыз. Себеби ыйык дагы жер. Арбактардын үйү бул жер», -дейт жашоочу.

Ал эми «ИнтерБилим» коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гулгакы Мамасалиеванын пикиринде көрүстөндүн ордуна үй куруу туура эмес.

«Туугандарга — сөөктөрүн алып чыгып кеткени уруксат жана тиешелүү укук берилиш керек. Кеминде дегенде жарыя башталгандан 5-10 жыл. Ошол жарыя бүт дүйнөгө тараган туугандарына жетиши керек. Эмнеге дегенде — ал маркумдун тууганы кийин издеп келиши мүмкүн ата-бабаларын жаткан жерине таазим кылганы келет.  Эпидемия коркунучу бар, ага экологиялык жана сантирадык экспертиза корутунду бериш керек»,-деди Гулгакы Мамасалиева.
Ал эми Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы көрүстөндүн ордуна курулуш куруу таптакыр болбой турганын билдирди. 30 жылдан кийин гана рекультивация жана профилактыкалык иштерди жүргүзгөндөн кийин гана жашылдандыруу же парк кылса боло турганын айтат.
Мэриянын кийинки кадамы кандай болот, азырынча белгисиз.
Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*