Оштун тургуну он эки жылдан бери стадиондо жашап келет. Видео

Ош шаарынын тургуну Галбүбү Жамилова 12 жылдан бери Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо күн кечирип келет. Ал мындан 20 жыл мурун Тажикстандын Мургаб аймагынан көчүп келген. Он жыл мурун Кыргызстандын жарандыгын алган.

Галбүбү Жамилова кыргыз жарандыгын алган 10 жылдан бери, жергиликтүү бийликтен жер тилке ала албай келет.

12 жылдан бери стадиондун чечинип-кийинүүчү жайынын бөлмөсүндө эки баласы менен жашайт. Ал бөлмөлөр стадиондун чыгыш секторундагы отургучтардын астында жайгашкан.

«Жашаган жерибиз сыз,кышында суук өтөт, жамгыр жааса сууда кирет, башка жакка көчүп кетейин десем шарт  жок. Мэрияга бир канча жолу азыр менен турак жай сурап кайрылгам. Бирок жардам боло элек», — дейт Галбүбү Жамилова.

Алты жылдан бери  стадиондо кароолчулук кылып келгендиктен ижара акысынан бошотулган.

Мындан тышкары «ОшТазалык» ишканасында да иштеп келет. Тапкан акчасы эки баласы менен жашаган жалгыз бой аялдын керектөөсүнөн ашып үй  кылганга артпай келет. 

«Кайрыла берип тажап бүттүм. Андан бери 4 жолу бийлик алмашты. Азыркы мэрге суранып арыз жазгам «ооба жардам берем»  дегенине 1 жылдын жүзү болду. Коммуналдык кызматтардан бир гана светке төлөйм. Кышында светтин акчасы 500-700 сомго чейин болуп кетет. Алган айлыгым болсо аз, балдарыма кошумча жөлөк пул чыгарайын десем айлыгын жетиштүү деп болбой койушту. Кышында суук болот, бирок стадион ремонт болгондон бери дубалдар көчпөй калды дейт», — деп кошумчалайт.

Ош шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай департаментинин адиси Асейин Алымов Калбүбү Жамилова арыз менен кайрылганын тастыктайт.  Бирок азырынча үй менен камсыздоо мүмкүн болбой жатканын билдирет.

«Жамилова Калбүбү Ош шаардык мэриясына 2012-жылы октябрь айында арыз менен кайрылган. Ошондой эле тийиштүү документтерин тапшырган. Үйгө муктаж жаран катары бул эженин документтери Ош шаар мэриясында каттоодо турат. Бирок азыркы учурда Ош шаардык мэриясында үй менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү болбогондуктан Калбүбү Жамилованын кайрылуусу аткарылбай турат», —дейт мэрия өкүлү.

Ош шаарында турак-жайга муктаж болгон жарандардын саны 8000ге жакын. Былтыр 672 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон. Анын 192си согуш ардагерлери жана I, II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Алардын турак жайы акысыз, ал эми III топтогу жаранга берилген 55 үй 50 пайыз төлөм менен алынган турак-жайлар.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/979497449084784/

Даярдаган: Айтунук Зарипбек кызы, Айдана Осмонова

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*