Жалал-Абадда селсаяктар убактылуу жайга жайгаштырылды

Жалал-Абад шаарында 20 га жакын селсаяктар аныкталып, убактылуу жылуу жайга жайгаштырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар аймагында 10-11-декабрь күндөрү «Селсаяк» рейди өткөрүлгөн. Анда Жалал-Абад шаарында коомдук жайларда, эс алуучу бактарда, көчөлөрдө таң эртеден кечке чейин ыңгайсыздык жаратып, аракечтикке байланып, үй-бүлөсүз жана кароосуз калгандарды аныктоо иштери уюштурулду.

«Рейд учурунда жалпысынан 17 адам текшерүүгө алынып, өздүгү такталып, бармак издери алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Алардын ичинен 12 жаран райондордон келгендиги белгилүү болуп, туугандары менен милиция кызматкерлери байланышып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал эми 5 атуул шаар тургундары экендиктери такталып, Жалал-Абад мэриясынын алдындагы суук түшкөндө селсаяктар үчүн каралган жылуу жайга жайгаштырылды», —деп айтылат билдирүүдө.

Арасында тагдырдын оор сыноосуна туш болуп, аракечтикке алдырып койгон жарандардын ичинде аялдар да бар.  Алар бул жолго түшкөндүктөрүнүн себебин жакырчылык жана бала кездеги жаңылыштыктан улам деп кейишкен.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*