Ошто айдоочулук күбөлүк алып берем деп алдаган жаран кармалды

Ошто жарандарга айдоочулук күбөлүктүн бардык категориясын алып берем деп ири суммадагы акчаларды алып жүргөн шектүү кармалды. Жабыркагандардын саны 40 адамдан ашкан. 

Ош ШИИБнин маалымат кызматынан кабарлагандай, кармалган жаран шаардагы Өскөналиев көчөсүндө өз алдынча каттоодон өтпөгөн автомектеп ачып, айдоочулук күбөлүк алууга келгендерди каттап, 20 миңден 50 миңге чейин акча алган.

Ал айткандары ишенимдүү болуш үчүн офистин алдына «Автошкола» деген жазуусу бар эски автоунааны токтотуп койгон. Ошондой эле жарандарга өзүн Куштар Орунбаев деп тааныштырган. Чыныгы аты-жөнү башка экендиги аныкталды,-деп айтылат маалыматта.

Шектүү 33 жаштагы Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын «Курманбек» аттуу тургуну болгон. Ош шаарында түрдүү даректерде ордун алмаштырып, убактылуу жашап жүргөн.

Учурда кармалган жарандын үстүнөн 3 тергөөчү»алдамчылык» беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады. 

Кылмышка шектүү мурда алдамчылык фактысы боюнча кармалып, сот тарабынан үй камагына чыгарылгандыгы белгилүү болду. Милиция жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо төмөнкү 03222-6-27-57 телефон номери аркылуу кабарлашууга чакырат.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*