
Билим берүү жана илим министрлиги ЮНЕСКО жана Социалдык интеграциялоо борбору менен биргеликте “Окуучулардын дисциплина аралык компетенциясын түзүү үчүн санариптик-методикалык ыкмалар” долбоорун баштады. Анын алкагында 5-6-класстар үчүн онлайн окуу материалдары даярдалды.
Маалыматка ылайык, окуу материалдары география, биология, табият тануу, тарых жана тилдер (кыргыз, орус, англис) боюнча предметтерин камтыйт. Ал атайын онлайн платформага жүктөлөт жана аны каалаган мугалим колдоно алат.
«Толеранттуулук, миграция, демография, дискриминация. Мындан сырткары ден-соолук, экология, медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча маселелерди көтөрөт. Бардык модулдардын эң башкы темасы гендердик теңдик жана маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча сабаттуулукту жогорулатуу», — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Январ айында долбоордун алкагындагы пилоттук мектептердин мугалимдерин окутуу уюштурулат. Педагогдор дин, жакырчылык темасында окуучулар менен кантип сүйлөшүү керектигин да үйрөнүшөт.
Оставьте первый комментарий