Аялдамалар кандай болушу керек? Ош шаарында баардык талаптарга жооп берген аялдама барбы?

Азыркы учурда Ош шаарынын балансында болуп, атайын тизмеде турган 59 гана аялдама бар. Алардын сырткы көрүнүшү менен жарыктандыруусун шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы көзөмөлдөйт. Кыргызстанда аялдама канча аянтты ээлеши жана анын көлөмү тууралуу бирдиктүү эреже каралган эмес.

Бирок төмөнкү сүрөттөн негизи аялдама кандай болушу керек деген суроо жооп алууга болот.

 

Бул эрежелерге туура келген аялдамалар шаар аймагында аз кездешет. Күн жылуу мезгилдерде айрымдары соода жайларына да айланып калат. Мындан сырткары 2010-жылга чейин аялдамалардын жерлери узак мөөнөттүү ижарага берилип, айрым учурларда жеке менчикке өтүп кеткен учурлары да болгон. Андан бери канчасы шаар карамагына өткөнү азырынча белгисиз.

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*