Фотокапканга түшүп калган, жапайы жаныбарлардын активдүү жашоосу. Сүрөттөр

Кыргызстанда аз кездешүүчү жаныбарлардын сүрөттөрү фотокапканга түшүп калды. 

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришкендей, 2019-жылдын август айында жапайы жаныбарлардын эсебин билүү жана аларды байкоо максатында 16 камера тузагы коюлуп анда жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү тартылып калган.

Камералар Талас облусунун  “Чегетей — Тоо” бириккен коомунун аймагына орнотулган. Бул жолу фотокапканга жаачы, аюу, кекилик жана коёндордун активдүү жашоо образы түшкөн.

 

Аталган агенттиктин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча 15 жыл мурун ак илбирстер жоголуу коркунучунда болсо азыр алардын саны кайра көбөйүүдө.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*