Ош: кылмышка шектүү ооруканадан изин жашырып кетти

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ооруканадан изин жашырып кеткен кылмышка шектүү Алмаз Калдыбаевге издөө жарыялады. Ал жазык кодексинин «каракчылык» беренеси боюнча шектелип кармалган эле.

Милициянын тараткан билдирүүсүнө караганда, кылмышка шектүү бүгүн, 17-декабрда болжол менен саат 13.00 чамасында ооруканадан качып кеткен. Ал ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкерлердин кайтаруусунда болгон.

«Кандай шартта качып кеткендигин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзө баштады. Алмаз Калдыбаев 30 жашта. Кара-Суу районунун Лангар айылынын тургуну болот. Баш сөөгүнөн операция болуп, башы таңылуу жүрөт»,-деп айтылат билдирүүдө.  

Ош шаарынын аймагында качкан шектүүнү кармоого багытталган «Сирена» операциясы киргизилди. Милиция бул жаран боюнча маалыматы барларды 102, 03222-4-82-82 телефондору аркылуу кабарлап коюуга чакырат. 

 

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*