
Ош шаарындагы борбордук балатынын узундугу жылдагыдай эле 28 метр болот. Башкача айтканда былтыркы балаты кайрадан орнотулду.
Шаардык мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдиргендей, акчаны үнөмдөө максатында былтыркы балаты кайрадан орнотулуп жатат. Анын айланасын жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 973 миң сом бөлүндү.
«А. Шакиров көчөсү ушул жума ачылат. Аны дагы бул көчөнү дагы тосуп албайлы деп, биз бир аз кечиктиргенге туура келди. Азыр балатынын өзү гана тосулуп эки четинен автоунаалар кадимкидей өтүп жатат. Ошол себептен бир аз кечиктирип жатабыз«,-деди Азамат Абсаттаров.
Быйыл шаарындагы борбордук балатыны орнотуу иштери 10-декабрда башталды. 25-декабрда балаты толугу менен жандырылмакчы.
Эскерте кетсек өткөн жылы Ош шаарындагы балаты 16-декабрда жандырылган. Аны орнотууга жана борбордук аянтты кооздо иштерине 1 млн 400 миң сом жумшалып, шаардык мэрия кийинки жылы акча каражатын бир кыйла экономдойбуз деп убада берген эле.
Оставьте первый комментарий