
Бул айдын эң негизги жаңылыгы тарыхта биринчи жолу 34 жаштагы айымдын Санна Мариндин Финляндиянын премьер министрлигине дайындалганы болду. Ачыктап келгенде финндик саясатчылар көбүнчөсү жаш айымдар экени белгилүү болгон.
Жекшембиде анын талапкерлигин башкаруучу коалициядагы негизги партиясы болгон социал-демократтар жактырышкан. Ал ушул кезге чейин транспорт министри болгон. Марин саясатка Тампере университетин бүтө электе эле аралаша баштаган. 2012-жылы ошол шаардын кеңешине кирип, бир жылдан кийин жетектеп калган. 2014-жылы Социал-демократтар партиясында төраганын орун басары, 2015-жылы биринчи ирет парламент депутаты болуп шайланган.
Санна Марин “Мен жашымды же жынысымды ойлогон эмесмин. Саясатка келген себептер шайлоодо эл ишеним артканы мени ойлодурат» деди. Ал Финляндиянын Украин өкмөтүнүн жаңы премьери Алексей Гончарук жана Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындан бир жашка кичүү. Быйыл жазында өткөн шайлоонун жыйынтыгында солчул, борборчул коалиция куралып, ага беш партия кирген. Ошол беш партиянын бардыгын аялдар жетектешет. Анын ичинен эки партиянын лидерлери премьерден кичүү. Жаңы кабинетти 12 министрликти аялдар, жетөөнү эркектер жетектешет.
Ал үй-бүлөлүү 2018-жылы кыздуу болгон. Жолдошу Маркус Ряйккёнен.
Оставьте первый комментарий