Жалал-Абадда салмак габаритин көзөмөлдөө пунктунун кызматкери пара менен кармалды. Видео

Жалал-Абад облусундагы «Кара-Кол» салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунун тескөөчүсү 2 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ички иштер министрлигининен кабарлагандай, жүк ташыган айдоочулар милицияга салмак габаритти көзөмөлдөө пунктундагы мыйзамсыз акча чогултуу фактылары боюнча арыз менен кайрылышкан.

Арызда аталган жайда акча каражатын чогултуу кадимки көрүнүшкө айлангандыгы көрсөтүлгөн.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, мамлекеттик кызматкердин мыйзамсыз сыйлык акы алуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ИИМдин Ош шаары тергөө кызматы тарабынан  жүргүзүлүп жатат.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*