Жалал-Абадда жаңы ачылган газ кенинен эки шаар пайдалана баштайт. Видео

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында “Кыргызмунайгаз” ишканасы жаңы газ кенин ачып, тургундарга колдонууга берүүнү пландап жатат. 

“Кыргызмунайгаз” ишканасынын маалымат катчысы билдиргендей, бул ишканадан Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу, Кочкор-Ата шаарына газ берилиши пландалып жатат. Учурда суткасына 7 миң метр куб газ чыгып, басымы менен дагы көбөйүшү мүмкүн.

«Изилдене элек кору көп экен. Балким инвестиция тартып, ошонун баарын чыгарып, бүт түштүк аймагын газдаштыруунун аракетин көрүп жатабыз. Анан азыркы алып чыккан газды туташтырып, элге берилет. Даяр эле басымы да жакшы. Азыркы кышка берилет. «,- деди Руслан Абдумиталип уулу.

Газ чыккан жер союз убагында эле изилдене баштаган. Бирок 1970-жылдардан бери газды бургулоо жумуштары жүргүзүлгөн эмес.

1940-жылы Майлуу-Суу-4, 1944-жылы Избаскент, 1946-жылы Чыгыш  Избаскент кендери ачылган. Ал эми 1952-жылы өлкөдө «Кыргызнефть» өндүрүштүк мекемеси түзүлгөн.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлы-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*