
Бишкек шаарындагы китепканачылар менен маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө 50% жеңилдик алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматында, мектепке чейинки билим берүү боюнча мамлекеттик социалдык буюртма жөнүндөгү жобого бүгүн 19-декабрда өзгөртүү киргизилген.
Мындан ары китепканачылар менен маданият кызматкерлери балдарын жеке менчик бала бакчага берсе, анын жарым төлөмүн мамлекет каржылап берет. Алар буга чейин тандалып алынган Бишкектеги 9 бакчага балдарын берсе болот.
Буга чейин бул тизмеде төмөндөгү категориядагы үй-бүлөлөр кирген:
- көп балалуу;
- аз камсыз болгон;
- аялы же күйөөсүнөн ажыраган, бир айлык кирешеси 12 миң сомдон кем эмес;
- ата-энелеринин бирөөсү биринчи же экинчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген;
- орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем эмес мамлекеттик муниципалдык кызматта иштеген үй-бүлөлөр.
Мындан тышкары, мурдагы жобо менен 3 жаштан башталса, жаңы жобо менен 2 жаш 6 айга толгон бөбөктөр да кабыл алына баштайт.
Оставьте первый комментарий