Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Бекназаровдун талапкерлигин Өкмөт сунуштап, ЖК депутаттары колдогон болчу.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси боло турганы боюнча кабар октябрдын башында билине баштаган.

Буга чейинки Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Кылычбек Султан элчиликтеги коррупция боюнча айтып чыккан соң кызматтан алынган эле.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*