Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна жаңы депутат келди

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясына партиялык тизме аркылуу келген Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандат алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Сыдыгалиев бүгүн өз арызы менен мандатын тапшырып берген Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди. Буга чейин Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестик жаралып, партиядан чыгып, мандатын тапшырганын айткан эле.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо