Баткен аэропортунун жетекчиси прокурордон куугунтук көргөнүн айтып чыкты. Видео

Баткен аэропортунун жетекчиси Нургазы Жаныбеков кызматтан мажбур түрдө кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады. Анын кызматтан кетүүсүнө Баткен облусунун прокурору Бакыт Халмурзаев куугунтуктоосу себеп болгон.

Нургазы Жаныбеков өзүнүн айланасындагы окуялар боюнча «Фейсбук» баракчасына эки видео жарыялаган. Биринчи видео кайрылуусунда, Баткендин прокурору Бакыт Халмурзаев аэропортко келип, автоунааларды текшерүү учурунда ыплас сөздөр менен сөккөнүн айтып, прокурордун өзүн дагы видеого тарткан.  Ал прокурордун аракетин Ош аэропортунун жетекчиси Талант Исаков колдоп жатканын айткан.

Ал экинчи видео кайрылуусунда, авиация тармагында коррупция аябагандай күч алганын айтып, коррупциянын бети ачылбай жатканын билдирген. Ошондй эле Баткен аэропортуна эл аралык макам берилгени менен ал макамга туура келбестигин айткан.

https://www.facebook.com/100011339874646/videos/1248175192237131/

Видео кайрылууда, ал 2019-жылдын 31-августунда Баткен эл аралык аэропортунун жетекчи кызматынан кетээрин жазган. Маалыматты тактоо үчүн Ош эл аралык аэропортунун жетечиси Талант Исаковго байланышуубуздан жыйынтык чыккан  жок.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*