Кыргызстандын карызы 5 млрд долларга жакындады

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 530 млн. долларга жетти. Бул ушул жылдын болжолдуу ички дүң өнүмүнүн 52,7 % түздү.

Мунун ичинен 3 млрд. 793 млн. доллар тышкы карыз болсо, ал эми 737 млн. доллар ички карыз. Сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келет. Кыргызстан «Эксимбанкка» 1,7 млрд. доллар карыз.

Ушул жылдын октябрында мамлекеттин тышкы жана ички карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 34, 55 млн. доллар жумшалды.

Булак: azattyk.kg

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*