Жылкыбаев: Ош облусун өнүктүрүүгө дүйнөлүк банктан 60 миллион доллар бөлүнөт

Дүйнөлүк банктын туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында Ош облусун өнүктүрүүгө дүйнөлүк банктан 60 миллион доллар бөлүнөт. Учурда облустук деңгээлде долбоор талкууланып жатат. 

Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев TMG телеканалынын «Адил-Сөз» программасында курган маегинде билдирди.

Жылкыбаевдин айтымында, бөлүнө турган каражаттын 30 миллион доллары айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат. 15 миллион доллары инфраструктураны жакшыртууга, дагы ошончо каржы Ош шаарындагы туризмди өнүктүрүүгө жумшалат.

«Биз туристтерди чакырып жатабыз. Сүтүбүз, наныбыз, этибиз аларга жетпей жатса, өзүбүзгө жетпей жатса, эмне кылабыз деген маселе бар. Ошондуктан аларга жакшы сапаттуу эт, сыр, помидор, бадыраң беришибиз керек. Азыр талкуу жүрүп жатат. Биздин айыл өкмөттөр, акимдер келип сунуш берип жатат«,-деди Узарбек Жылкыбаев.

Жылкыбаев кошумчалагандай, Кара-Кой же Кара-Шоро жайлоосуна бара турган жолдордун бирин ушул долбоордун алкагында оңдоо боюнча сунуштама берип жатат. Андан кийин туристтерди кабыл алууга жергиликтүү ишкерлер даяр болушу керектигин айтты.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*