Алайга көчүп келген памирлик кыргыздарга жардам жеткирилди. Видео

Кечээ, 29-декабрда Алай районунун Сара-Могол айлындагы Памирден келген этникалык кыргыздарга жардам жеткирилди. 

Этникалык кыргыздарга Ош облустук мусулмандар казыяты аймактан жардам чогултуп 400,000 сомдук жардам жеткиришти. 250,000 сомдук азык-түлүк, идиш-аяк, жылыткычтар жана кийим-кечелер жана 150,000 сомдук төшөнчү-жууркан жана килемдер берилди.

«Биз болгону мусулмандык милдетибизди аткардык. Узак жолдон келген бир туугандарыбызга көмөктөшүү шаряиттын буйруктарынан. Кудай буюрса бул иш-чара дагы да уланмакчы», — деди Самидин кары Атабаев.

Ушул жылдын 23-декабрь күнү кыргыз өкмөтү 11 үй-бүлөдөн турган 50 памирлик кыргызды Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлгөн. Этникалык кыргыздарга өкмөттөн турак жай курууга 1,2 гектар жер жана 10 млн сом бөлүнгөн.

2017-жылы жаңыча жашоого ылайыкташуу үчүн Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканаларга жайгаштырылган эле.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/796434597489182/

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*