ӨКМ: тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

30-декабрдан 31-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу, Чапчыма ашуусу, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Мындан улам, ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*