Жаңы жыл алдында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери батирлүү болушту. Фото

Бүгүн, 30-декабрда куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери батирлүү болушту. Аларга батирлердин ачкычын президент тапшырды.

Бишкек шаарынын 12-микрорайонунда аскер кызматкерлери жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында ЖАМК кызматкерлери үчүн турак жайлардын ачылыш аземи болду. Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.

«Президент аскер кызматчыларын кубанычтуу окуя менен куттуктап, бул Жаңы жылдын астында болуп жаткандыгынын символикалуу экендигин, аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи«,-деп айтылат маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырып, жаңы жылы менен куттуктады.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*