Жалал-Абадда Сириядагы аракеттерге катыштыгы бар делген жарандын үйүнөн куралдар табылды

Сузак районунун 28 жаштагы  Б.Э. аттуу тургуну өз үйүндө курал жарак сактап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Милицияга аталган жарандын үйүндө курал сактап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам аракеттердин алкагында, Б.Энин жүргөн жерин аныктоо максатында атайын тергөө тапшырманын негизинде иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Натыйжада ал 2014-жылы Орусияга барып, Туркия аркылуу, Өкмөттүк армияга каршы согуш аракеттерине катышуу үчүн Сирия Араб Республикасынын аймагына чыгып кеткендиги жана 2014-жылы согуш болуп жаткан Сирия Араб Республикасына барганга чейин дыйканчылык менен алектенгени такталган.

Алынган ыкчам маалымат боюнча Б.Э. “Катибат аль Имам аль-Бухари” террордук уюмуна кошулган. 2015-жылы июнь айларында анын артынан согуш болуп жаткан Сирия Араб Республикасына үй-бүлөсү (атасы, апасы, эжеси, жээни, өздүктөрү аныкталган) Турция мамлекети аркылуу чыгып кетишип, алардын согуш лагеринде жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, 2019-жылдын 23-декабрь күнү Сузак райондук сотунун тергөө соту тарабынан турак-жайды тинтүүгө  берилген токтомунун негизинде, тиешелүү кызматтардын жана калыстардын катышуусунда шектүүнүн жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлгөн. 

Тинтүү учурунда Б.Э. үйүнүн чатырынан самандын астынан кызыл түстөгү полиэтилен пакетке оролгон ок атуучу куралга таандык эки даана  магазини 12 даана огу менен жана маркировка белгилери өчүрүлгөн белгисиз ок атуучу курал (тапанча), глушители менен табылган. Бул буюмдарды көрсөтүлгөн даректе убактылуу жашаган Б.Э.нин карындашы ок атуучу куралдарды агасына таандык болушу мүмкүн экендигин тастыктаган. 

Алынган буюмдарга соттук-криминалистикалык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө кызматы тарабынан алынган куралдын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда. 

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*