Өлкөнүн жарандыгына 978 адам кабыл алынды

Кыргызстандын жарандыгына 978 адам кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы  Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө 3 жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 978 адам кабыл алынат (анын ичинен 837 — чоң адамдар жана 141 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ал эми 493 адам (анын ичинен 365 — чоң адамдар жана 128 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*