Америка Иран менен конфликтти ырбатпоого умтулат

АКШ президенти Дональд Трамп өз кайрылуусунда, Иран менен конфликтти ырбатпоого умтулаарын билдирди. Бирок муну менен Иранга болгон басым токтолбойт деди президент.

Трамп Россия, Кытай жана Германия, Улуу Британия өлкөлөрүнө кайрылып, Иран терроризмди колдоорун эске алуу керек деп айтты. Ал дүйнө жүзү Ирандын адам өлтүрүү жана террорду колдоо саясатын четке кагаарын билдирүүгө милдеттү экендигин эскертти.

Ошондой эле АКШ президенти өз сөзүндө өлкөнүнүн күчү аскердик техникасында эмес, күчтүү экономикасында экенин баса белгиледи.
Президенттин кайрылуусу 10 мүнөт уланып, сөзү бүткөн соң, ал суроолорго жооп бербестен трибунадан чыгып кетти.

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*