Жаш балдар арасындагы кышкы футбол. Сүрөттөр

Азыр мектеп окуучулуры үчүн каникул. Кээ бир окуучулар кошумча курстарга барып, же болбосо үйдо эс алып жатышса айрым футбол сүйүүчүлөр ызгаардуу кыштын суугуна карабастан оюн талаасында турнирге даярданышууда.

Эки жумадан кийин жаш ак шумкарлар Анталиядагы эл аралык турнирде (Y10) Кыргызстандын желегин коргошот. Бирок сынакка оюнчулардын толук курамы бара албайт. Каражат жетишпегендиктен көптөгөн мыкты оюнчулар турнирге катыша албай калышат. Эгерде сиз жаш футболчуларды колдоого даяр болсоңуз, биздин редакцияга кайрылыңыз.

Ал эми төмөндө балдардын бүгүн эрте менен болгон оюнунан фоторепортажды көрүп чыгыңыз. Бул матчта алар өздөрүнөн 2 жаш улуу балдардан турган 3 команда менен атандаашып, жакшы оюн көрсөтүштү.

 

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*