Трамп кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүн чектейт

Президент Дональд Трамп АКШ га  кирүүгө чектелген  7 өлкөнүн жарандарынын санын көбөйтүүнү пландап жатат.

Ал өлкөлөр Беларусь, Мьянма, Кыргызстан, Нигерия, Судан, Танзания жана Эритрея. Бул тизме дагы өзгөрүшү мүмкүн.  Толук тизме 27-январь күнү жарыяланат.

2017 жылдын январь айында Трамп 7 мусулман өлкөлөрдүн жарандарына кирүүгө тыюу салган. Анын ичинен Чад, Ирак жана Судан өлкөлөрү тизмеден алынган. Укук коргоочулар Трамптын бул жарлыгын катуу сынга алышкан, дүйнө эли нааразычылыгын билдирген. Кийинчерээк Жогорку сот президенттин мындай жарлык жасоого укугу бар экенин айткан. Сот Дональд Трамптын Иран, Ливия, Сомали жана Сирия, Йемен өлкөлөрүнүн АКШга кирүүгө тыюуу салуу боюнча жарлыгында эч кандай диний кастыктын белгилери байкаган эмес.

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*