Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 106га жетти

Жыл башында Кытайда жаңы коронавирус пайда болду. Ал бир гана Кытайды эмес, бүт дүйнө жүзүн ойлонтууда.

                                        Бул вирус тууралуу эмнелер белгилүү?

31-декабрда Кытайдын Ухань шаарында деңиз азыктары сатылган базарда иштеген адамдар ооруп башташкан.

7-январда ал оору жаңы 2019-nCoV коронавирусу экендиги белгилүү болгон. 

20-январда медицина кызматкерлери вирус адамдан-адамга өтөөрүн аныктаган.

28-январда ооругандардын саны 2798 болгон анын 2753ү Кытайда. Ал эми каза болгондордун саны 106га жетти. 976 адам ооруканада, 60 адам чыгарылган. Бүгүн Германияда да бир адам вируска чалдыкканы аныкталды.

Кытайдын 25 облусунда өзгөчө кырдаалга карата жогорку деңгээлде чара көрүү жолго коюлган. Ухань шаары тургундарын шаардан сыртка чыгууга тыюу салган. Коңшулаш Хуанганда да адамдардын башка шаарларга кирип, чыгуусуна тыюуу салынып, оюн-зоок жана туристтик объекттер жабылып, коомдук транспорттор да токтотулган.

Пекинде “Жабык шаар” (Гугун) сарай комплекси шаар аралык каттамдарды чектеген.

«China Post» почта компаниясы Ухань шаарынан келген бүт буюмдарды эки ирет дезинфекциялашууда.

Каникул учурунда кытайлыктар чет өлкөлөрдө көп саякатташкандыктан, Кытай  25-январдан кийин алардын жаңы-жылына байланыштуу вирустун бат жайылуу коркунучу бар экенин айткан. 

Жапай жаныбарларды алып чыгуу жана алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Кытай эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин коронавирустун таралуусу тездеп жатканын айткан. Бирок бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо бирикмеси “Өзгөчө кырдаалды” жарыялоону азырынча эрте дейт.

Кытайлык окумуштуулар жаңы коронавирустун булагы деп Ухандагы деңиз азыктары сатылган жерди айтышкан. Эксперттер 585 образды табышкан. Анын ичинен 33ү ошол вирус экени такталган. 

                                             Жаңы коронавирустун жайылуусу 

Коронавирус сырткы көрүнүшүнөн микроскоптон тегерек коронага окшогондуктан ушундай аталышта. Анын алгачкы сүрөтүн АКШнын улуттук аллергия жана инфекция институ жарыялады.

Мындай вирустар жаныбарлардан жана адамдан адамга өтөт. Бирок бул 7 коронавирус адамдарда аныкталган. 

Жаңы коронавирустун белгилери: жөтөлүү, баш оору, чүчкүрүү, дене табынын көтөрүлүүсү, дем алуунун татаалдашы, бөйрөк иштен чыгуусу.

          Короновирустун алдын алуу Кыргызстанда кандай болууда? 

Жугуштуу вирус боюнча абалга көз салуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде  штаб түзүлгөн. Коркунучтуу вируска байланыштуу адамдарга төмөнкү эрежелерди сактоону сунушташкан.

  1. Колду самындап же спирт кошулган каражат менен жууп жүрүш керек;
  2. Ооз жана мурунду жаап жөтөлүп, чүчкүрүү керек;
  3. Грипп же жугуштуу оору менен ооруган кишиге өтө жакындабоо зарыл;
  4. Эт жана жумуртканы дыкат тазалоо керек;
  5. Жапайы жаныбарларды, канаттууларды кармабоо керек;
  6. Дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жана дем алуу кыйындаса дароо ооруканага кайрылуу керек.

Мындан улам, Кыргызстанда Кытай менен болгон чек ара бекетин жаап, каттамдарды токтотту. Аймактарда санитардык-медициналык көзөмөлдөөсүн күчөтүп, азык-түлүк ташып келүүгө тыюу салды.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*