
Бүгүн 28-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы фейсбуктагы баракчасы аркылуу, рейд учурунда кармалгандардын аты-жөнү жазылган тизмесин жарыялады. Юристтердин айтымында шаардык милиция КРнын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 3-статьясынын 21-беренесин бузду.
«Крутой» аталышындагы рейд жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн. 155 айдоочуга протоколдор түзүлүп, жазаналар салынган. Рейдден соң, шаардык милициянын баракчасында кармалгандардын унаалары менен аты-жөндөрү толук жазылган тизме жарыяланган.
Юрист Замир Жоошовдун «Т-Медиага» билдиришинче бул мыйзамга туура келбейт.
«КРнын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 3-статьясына ылайык, жеке мүнөздөгү маалыматтарга адамдын өмүр баяны жана таанууга арналган маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлөлүк абалы, каржылык абалы, ден соолугу жөнүндө маалыматтар кирет. Ушул эле мыйзамдын 21-беренесине ылайык жеке маалыматтарды кармаган субъект аларды башка бирөөгө берүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылууга милдеттүү«, — деди Жоошев.
Ал эми адвокат Назгүл Сүйүнбаева да соттук териштирүү аягына чыкканга чейин, адамдын жеке маалыматтарын ачыкка чыгаруу туура эместигин белгилейт.
Ош шаардык милициясы күн мурун ИИМдин атайын каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча да маалымат жарыялаган. Бирок анда алардын аты-жөндөрү толук көрсөтүлгөн эмес.
Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков алар эки маалыматты тең мыйзам чегинде жарыялашканын айтат.
«Булардын кылган иши, кылмыш кирбейт, бузуулар кодексине кирет. Жарыялаганыбыз алардын аброюна доо кетирсе, анда арак ичип көчөдө жүргөнү аброюна доо кетирбейби? Биринчи жарыялаган маалыматыбыз кылмыш иши. Бул мурунку административдик кодекс«, — дейт Сыдыков.
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=3325378030812206&id=867504386599595&__xts__[0]=68.ARAdZxR2si_6bSyHY9oHVz5dZFaEbXODVPAh5jMFK9f-AetxOO-jHJJni0kMAq7DSt2hWh1r_AGdb5AfjZObscI-uBD—leMUjg5cyMyf7i2RH6Q1Vp8Yj1y30oh3xEsg_6RsGehLQ2KSafJGP3LueeOGahytf1fSwfp7uU0dP-W3WTfOkOnNaNH4912qVDVwRT1jc5jJ58txeHdlaHfaS9oGCCY3v1pV7ADjK8HYShkLafjpIDUDt-3PM20xC6gWpIRSMCQytnIQdKBb_ZTCyGv5-W0IPCkHO81JqtMsDpf3_iskfIu5_AG0lDz49uoe1iRkgS36fuG4XAekqpiNg&__tn__=-R
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=3327399473943395&id=867504386599595&__xts__[0]=68.ARCrqOJvY9L959MCqP8l6yfBaiBquTJ2eCLfhM5WFZLlOX8MZkMpP5FqHWrf2_xL42lGa4ZtkqLymDGiuLbAsQnB_sPzpPkGs0dCUS98G4yZ29f8-vTRW_WcCoaVO7V4yunM8MWF8dERkDVJc3xwGVzR7IHJXIwIkPDIeWDEGOXNQN1c2KM4sqaoxXSaVkHvKZnkSJrUHfYoChzy4fxbDA5bJjfbrIihw8YTH_OnpWi68Eqd24jlIovIzQD0RjX0oQ7CnJOj1C5cUxfmVBejFb01iwPHUqwXehh8bKeTGe0_-LuNyMojYwn3VHqi0T-CqQiQVlHguXTQWPgUZLStcbDcJA&__tn__=-R
Оставьте первый комментарий